Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

АКШда 77 жаштагы Жо Байден президенттикке аттанды

19.08.2020 10:29
920
АКШда 77 жаштагы Жо Байден президенттикке аттанды


АКШда Демократиялык партия Жо Байденди расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөттү. Мындай чечим Висконсин штатында өткөн жалпы улуттук съездде кабыл алынды. Бул тууралуу ТАСС басылмасы маалымдайт.


Добуш берүү виртуалдык форматта өттү. 77 жаштагы Байдендин негизги атаандашы Вермонт штатынын сенатору, 78 жаштагы  Берни Сандерс болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Байден жалпысынан 3550дөн ашык добуш алса, Сандерс 1150дөн ашык добуш алган. Мындан улам Байден расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. 


АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтөт. Республикачылардын атынан азыркы президент Дональд Трамп аттанат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн