Джорж Флойддун 25-майдагы
өлүмүнө байланыштуу АКШда башаламандыктар менен коштолгон нааразылык акциялары
башталгандан бери өлкө шаарларында 9,3 миңден ашык адам полиция тарабынан
кармалды. Бул туурасында Associated Press агенттиги маалымдады. Алардын ичинен
2800ү Лос-Анджелесте, 1500ү Нью-Йоркто кармалган. Полиция менен кагылыштарда 11
адам мерт болду. Алардын көбү кара терилүүлөр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн