АКШнын Конгресс Сенаты өлкөнүн Аскер-аба күчөрүнүн штабынын начальниги кызматына теги афроамерикалык генерал Чарльз Браунду дайындоого макул болду деп маалымдады The Hill гезити. Браун өлкө таыхында штабды жетектеген биринчи афроамерикалык жана 22-начальник болуп калды. Бул кызматта ал генерал Дэвид Голдфинди алмаштырды. Браун АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниктеринин Бириккен комитетинин курамына да кирет.
Анын талапкерлигин президент Дональд Трамп сунуштап, 98 сенатор колдоду. Чарльз Браун 1962-жылы Техаста туулган жана Аскер-аба күчтөрүндө 1985-жылдан бери кызмат өтөп келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн