Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

АКШда башаламандык коштогон акция курчуду (видео)

02.06.2020 12:25
1086
АКШда башаламандык коштогон акция курчуду (видео)



Афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШнын бир топ штаттарында анын жүздөгөн нааразы тарапташтары 26-майдан бери нааразычылык акцияларын уюштуруп жатышат, учурда башаламандык өтө курчуган абалга келип жетти.


Полиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын таратууга күчү келбей, каршылык кылуучу аракеттерди көрүп жатышат. Ага карабай нааразы тараптын катары көбөйүп, чогулгандар агрессиялык маанадайда тополоң чыгарышууда. 


Миннеаполис шаарында каза болгон Джордж Флойдду колдоо лозунгу менен чыккан каршылык акциясынын катышуучулары президент Дональд Трампка үнүн жеткирүү максатында Ак үйгө чейин барышты.


Ушул тапта Лос-Анджелес, Сан-Франциско, Денвер, Нью-Йорк, Индианаполис, Бостон, Детройт жана башка 40тан ашык шаарларда башаламандык коштогон акциялар өтүп жатат.


Эске салсак, полиция кызматкери Флойдду асфальтка буту менен кысып, "дем ала албай калдым" деп суранганына карабай тумчуктуруп өлтүргөнү тартылган кадр социалдык түйүндөрдө тарап кеткен.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн