АКШнын Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаменти (DOGE) ЛГБТ коомчулугун илгерилетүүгө байланышкан гранттардын баарын жойду. Бул тууралуу ведомство Х соцтармагы аркылуу билдирди.
"Мурунку администрациянын тушунда иштеген Гуманитардык илимдердин улуттук фонду (NEH) элдин эсебинен каржыланган гранттарды бөлүп келген, эми анын баары жокко чыгарылды. Акчанын жалпы суммасы 163 миллион долларды түзөт", — деп айтылат ведомствонун маалыматында.
Анын катарында ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү үчүн интерактивдүү жол көрсөткүчтөрдү түзүүгө бөлүнгөн 350 миң долларлык грант бар, ушундай эле каражат ЛГБТга байланышкан терминдердин эл аралык онлайн-сөздүгүн испан тилинде чыгарууга каралган. Тизме уланат.
Департамент мындан ары NEH гранттары америкалык баалуулуктарды колдоочу долбоорлорго жумшаларын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн