Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

АКШда Pfizer вакцинасынын сыноосуна катышкан 6 киши каза болду

09.12.2020 10:28
468
АКШда Pfizer вакцинасынын сыноосуна катышкан 6 киши каза болду

АКШ бийлиги Pfizer коронавирусуна каршы эмдөөнүн алты катышуучусунун өлүмгө кабылганын жарыялады.


Дарыны америкалык фармацевтикалык Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы биргелешип иштеп чыгышкан.


АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек администрациясынын маалыматы боюнча, каза болгон төртөө плацебо алган, экөө вакцинанын өзүнөн каза болгон.


Агенттиктин отчетунда сыноо учурунда көз жумган биринчи ыктыярдуу атеросклероз жана толук адам экени айтылат. Бейтап дарынын биринчи дозасынан үч күндөн кийин көз жумган. Вакцина тобунун экинчи каза болгон катышуучусу, экинчи дозадан кийин 60 күндөн кийин жүрөгү токтоп калган.


Ошондой эле, плацебо алгандардын арасында экөө жүрөк оорусунан жана инсульттан көз жумган, дагы экөөнүн өлүмүнүн себеби аныкталууда. Каза болгон алты адамдын үчөөсү 55 жаштан ашкан.


Жалпы сыноого 16 жаштан жогору 38 миңге жакын адам катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн