Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

АКШда абортторду чектеген мыйзамы жокко чыгарылды

30.06.2020 13:08
900
АКШда абортторду чектеген мыйзамы жокко чыгарылды


Америка Кошмо Штаттарынын Жогорку соту Луизиана штатынын бойдон алдыруу жөнүндө аялдардын укуктарын чектеген мыйзамын конституцияга каршы келет деп тапты. Бул Трамп бийликке келген мезгилден берки аборттор боюнча кабыл алынган биринчи ири соттук чечим.


Чечим үчүн Жогорку соттун беш мүчөсү – “макул” болду, төртөөсү – “каршы” добуш берди. Таразанын ташын Жогорку соттун төрагасы Джон Роберт оорлотту.


2016-жылы ушундай жол менен Техас штатында аборттор боюнча мыйзам жокко чыгарылган жана Робертс мырза өз чечимин дал ошону менен негиздеди.


Эми талаш жараткан бул эмне мыйзам экендигине токтоло кетели.


Луизиана штатында 4,6 миллионго жакын адам жашайт. Эгерде штаттын мыйзамы кабыл алынса, аялдарга аборт жасатууда жардам берип келген клиникалардын бир катары жабылмак. Луизиананын мыйзамчылары өз аракеттерин аялдардын ден соолугун коргоо деп түшүндүргүлөрү келсе, ага каршы активисттер штаттагы көптөгөн бейтапканалар бойдон алдырууларга каршы консервативдик көз караштагы диний уюмдар менен байланышта экендигин айтышууда. Ошондуктан, аларда аборт жасатууга уруксат берилбейт. Натыйжада, врачтар аборт жасамак турсун, зарыл учурда аялдарга биринчи жардамды да көрсөтө алышпайт.


Жогорку сот мындай жагдай аялдардын аборт жасатуу боюнча конституциялык укуктарын чектейт деген бүтүмгө келди.


Луизиананын мыйзамына каршы Жогорку сотко кайрылган Репродуктивдик укуктарды коргоо борборунун (Center for Reproductive Rights) жетекчиси Нэнси Норторп соттук чечим кырдаалды жеңилдетти, анын натыйжасында штатта жашаган төрөт курагындагы миллиондогон аялдар үчүн клиникалар ачык бойдон калат жана аларды тейлөөсүн улантат деп билдирди.


Арийне энелердин саламаттыгы жана али төрөлбөгөн балардын өмүрү баасын жоготууда деп эсептеген Ак үй Жогорку соттун бул чечимин айыптады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн