Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:52
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

АКШда афроамерикалыктар COVID-19дан эки эсе көп каза болууда

03.06.2020 18:15
902
АКШда афроамерикалыктар COVID-19дан эки эсе көп каза болууда

COVID-19 пандемиясы айрым өлкөлөрдө расалык теңсиздик бар экендигин тастыктады. Ал эми АКШда ал ири масштабдагы нааразылык акцияларынын катализатору болду деп билдирди 2-июнда БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет.



Анын пикиринде, COVID-19 пандемиясы көп мезгилден бери эле чычаладай быкшыга теңсиздикти ачыктады. Эпидемия этникалык азчылыктар боюнча, алардын ичинде теги африкалыктарга күчтүү сокку урду. “Джорж Флойддун өлүмү себепчи болгон АКШдагы нааразылыктар түсү башка адамдарга карата полициялык зомбулук күч экендигин эле эмес, саламаттыкты сактоо, билим алуу жааттарында жана жумушка орношууда расалык дискриминациялоо бар экендигин далилдеди”, - деп баса белгиледи М.Бачелет.



Учурдагы статистика боюнча COVID-19дан каза тапкандардын көрсөткүчү башка расадагыларга салыштырмалуу афроамерикалыктар арасында эки эсе жогору. “Расалык жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрү вирус жугуу тобокелдиги жогору жумуштарда иштешет”, - деп кошумчалады М.Бачелет. Ал эми АКШнын мурдагы вице-президенти, Демократиялык партиядан үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоонун талапкери Джон Байден кечээ, 2-июнда Филадельфияда сүйлөп жатып америкалык коомдо “системалык расизмди” жок кылууга, полиция кызматына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. Ал өз сөзүндө Дж.Флойддун өлүмү Кошмо Штаттар үчүн “кооптуу конгуроо” болуп эсептелет деди. Байдендин бул пикирине жооп кайтарган Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлү Катрина Пирсон аны “өлкөдө хаос жаратып жаткан бандиттер тарапта турат” деп айыптады.

 

Кошумчаласак, баш аламандыктардын жетинчи күнүндө (ушул дуйшөмбүдө) президент Дональд Трамп бүтүндөй өлкөнү кучагына алган нааразылык акцияларын “ички террористтик актылар” деп атады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн