Бугу 10, 2024
Убакыт: 17:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШда эки баласын унаада калтырган ата наристелеринен айрылып калды

15.06.2020 14:25
723
АКШда эки баласын унаада калтырган ата наристелеринен айрылып калды


АКШнын Оклахома аймагына караштуу Талса шаарында эки жаш бала атасы машинага беш саат калтырып койгондон кийин көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


31 жаштагы Дастин Ли Деннис ишемби күнү балдары менен дүкөнгө барып келгенден соң үйүнө кирип уктап калган. Болжолдуу 5 сааттан кийин ойгонуп балдарын таппай калган. Кийинчерээк 4 жаштагы кызы менен 3 жаштагы уулун унаанын ичинен таап, үйүнө алып кирген. Ал эми үйүнө келген дарыгерлер балдардын кайтыш болгонун билдиришкен. Учурда наристелер эмнеден улам көз жумганы иликтенүүдө.


“Балдар унаада болгон учурда 5 сааттай каралган эмес”, - деп полиция билдирүү таркаткан. Дастин Ли Денниске экинчи даражадагы өлүм боюнча айып тагылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда экени айтылат.


Жергиликтүү метеорологдордун айтымында, каргашалуу окуя болгон күнү аба ырай +30 градустан өйдө болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн