Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:52
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

АКШда чочконун жүрөгүн адамдын жүрөгүнө алмаштырды

11.01.2022 09:03
980
АКШда чочконун жүрөгүн адамдын жүрөгүнө алмаштырды

Кошмо Штаттарда тарыхта биринчи жолу чочконун жүрөгү кишиге салынды. Жума күнү 57 жаштагы Дэвид Беннетке Мэриленд университетинин медициналык борборунда операция жасалып, жүрөгү алмаштырылды.


Дарыгерлердин айтымында, бейтап азырынча аппаратка туташтырылган, бирок жаңы жүрөк толук кандуу иштей баштады. Алар жасалма түрдө канды айлантуу аппаратын шейшембиде өчүрүүнү пландап жатышат.


Дэвид Беннет дарылоонун башка жолдору натыйжасыз болгонуна байланыштуу дал ушул жаңы процедурага макул болгон. Операция алдында ал: “Тандоо жөнөкөй болду: өлүм же трансплантат. Жашагым келет. Билбейм, бул белгисиз секирик. Бирок бул мен үчүн жалгыз жол”, -деди.


Дарыгерлер божомолдордон оолак болушууда, бирок адистер бул процедура медицинадагы бурулуш окуя болушу мүмкүн экенин айтышууда.


Былтыр дээрлик 41 миң америкалык жаран донордук орган алган, 4 миңдей америкалыктын жүрөгү алмаштырылган.


Жаныбарлардын органын адамга салуу аракети ондогон жылдар мурун эле башталган. Өткөн кылымдын 60-жылдардында адамга шимпанзенин бөйрөктөрү салынган. Бул учурлардын биринде бөйрөк 9 ай иштеген. 1983-жылы бабуиндин жүрөгү ымыркай Бэби Фэйге салынган. Кыз үч аптадан кийин чарчап калган.


 Булак: kabar.kg


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн