Учтун айы 28, 2025
Убакыт: 10:05
USD
87.30
87.80
EUR
90.90
91.90
RUB
0.875
0.910

АКШда катуу шамалдан кеминде 90 адам каза тапты

30.09.2024 13:01
2910
АКШда катуу шамалдан кеминде 90 адам каза тапты


АКШнын түштүк-чыгышындагы “Хелен” катуу шамалынын айынан кеминде 90 адам каза тапты.

CNN телеканалы маалымдагандай, көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Түндүк Каролина штатында жашагандар, ал жакта 36 адам каза болду. Дагы 24 киши Түштүк Каролина штатында, 17 - Жорджияда, 11 - Флоридада, ошондой эле дагы эки адам Вирджиния штатында каза тапты.

Бороон-чапкындын кесепетинен Флорида, Жорджия, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина жана Вирджиниядагы 2,3 млн тургун электр жарыгысыз калды.

Саффир-Симпсондун беш шкаласы боюнча катуу шамалга кооптуулугу жагынан төртүнчү категория берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн