Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШда кайрадан митингдер башталды

15.06.2020 09:59
1021
АКШда кайрадан митингдер башталды

Америкалык Джорджия штатынын Атланта шаарында полиция кызматкеринин курал колдонуусунан улам өткөн жума күнү кечинде 27 жаштагы кара түстүү жаран каза тапты деп билдирди Washington Post гезити.


Кара түстүү жаран кириптер болгон бул жаңы окуя жергиликтүү бийликтерге көйгөй жаратып, укук коргоо органдарына каршы кезектеги нааразылык акциясына себепчи болду. Көп сандуу митингдин катышуучулары шаардык полициянын начальнигин кызматтан кетүүсүн талап кылышты деп айтылат маалыматта.


Полициянын билдирүүсүнө караганда, кара түстүү айдоочу жергиликтүү кафенин алдында башка унаалардын чыгуусун торогон бойдон уктап калган. Чакырылган полицейлер анын мас эместигин текшерүү учурунда, ал полицейдин биринин электрошокерин жулуп алып качууга аракет жасаган. Кармоо учурунда ага карата ок атылган. Учурда окуянын жагдайлары териштирилүүдө. Атланта полициясынын начальниги Эрика Шилдс кызматынан кетти.


Эске салсак, полициянын зомбулугунан улам кара түстүү Джордж Флойддун мерт болгондугуна байланыштуу АКШда эки жумадан бери массалык баш аламандыктар басылбай жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн