Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШда кырдаалды көзөмөлдөй албай жатабыз, - башкы эпидемиолог

01.07.2020 11:10
981
АКШда кырдаалды көзөмөлдөй албай жатабыз, - башкы эпидемиолог


Эң оор кырдаал АКШда болуп жатат, биз абалды көзөмөлдөй албай жатабыз, деп билдирди АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи 30-июнда сенатта сөз сүйлөп жатып.

 

Ал коронавирусту күнүнө 100 миңден киши жуктуруп алса дагы таң калбай турганын айтты.

 

Фаучинин айтымында, көптөгөн америкалыктар илимий көз караштарга каршы пикирди карманып, эпидемиологдордун кеңешин укпай жатат.

 

"Биз чынында кырдаалды көзөмөлдөй албай жатабыз", - деди ал. Анын айтымында, болжолу вирус жуктургандардын жарымы төрт штатка туура келет. Булар: Флорида, Аризона, Техас жана Калифорния.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн