Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 05:54
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

АКШда кыргыз жарандарынын туристтик визаларынын мөөнөтүн 10 жылга узартуу талкууланды

06.12.2022 13:33
693
АКШда кыргыз жарандарынын туристтик визаларынын мөөнөтүн 10 жылга узартуу талкууланды

3-декабрда Чикагодо Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АКШда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин, консулдук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу, ошондой эле АКШнын Бишкектеги элчилигинде АКШ визасы үчүн маектешүүнүн күнүмдүк өтүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.


Белгиленгендей, жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.


Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган: 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610. Телефон: 312 994 2416, 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7) Email: [email protected]

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн