АКШда 27 жаштагы кыргызстандык Нургазы Мамыровду аткан полиция кызматкерлери акталды.
Бул тууралуу америкалык басылмалар жазды.
Тергөөчүнүн корутундусунда кыргызстандык жаран 2021-жылдын 5-октябрында таңкы саат 5:58де бир нече октон алган жаракатынан улам каза болгон. «Офицерлер ок аткан учурда алар алардын кесиптештери денесине оор жаракат алып, өлүмгө дуушар болушат деп негиздүү түрдө ишенишкен», — деп жазылат маалыматта.
5-октябрда АКШнын Клинтон округунун Грин Тауншип шаарында кыргызстандык жигит полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Америкалык ЖМКлар анын каракчылыкка шектелип, полициядан качууга аракет кылганын жазып чыгышкан.
Булак: "Регион.тв"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн