Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:10
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

АКШда коронавирус илдетине кабылгандар 1 миллиондон ашты

28.04.2020 08:24
986
АКШда коронавирус илдетине кабылгандар 1 миллиондон ашты


Америка Кошмо Штаттарында коронавирус илдетин жуктургандардын саны 1 000 100 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарында 291 996 адам илдетти жуктуруп алган. Ал эми Нью-Жерсиде 111 118, Массачусетсте 56 462, Иллинойсто 45 883, Калифорнияда 44 996 жана Пенсильвания штатында 43 588 адам инфекцияны жуктуруп алган. Башка штаттарында да ооруга чалдыккандардын саны көп.


Ал эми жалпы 5 593 495 киши коронавируска тест тапшырган. АКШда COVID-19 вирусунан 55 521 миң киши каза болуп, 113 миң бейтап оорудан сакайды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн