Баш оона 21, 2025
Убакыт: 21:59
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

АКШда коронавирус илдетинен каза болгондор 75 миңден ашты

08.05.2020 08:51
1573
АКШда коронавирус илдетинен каза болгондор 75 миңден ашты


Америка Кошмо Штаттарында COVID-19 инфекциясынан көз жумгандар 75 миңден ашты. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Илдет башталгандан бери АКШда 75 662 адам каза болду. Ал эми илдетти жуктургандар 1 257 023 бейтапт түзсө, илдеттен айыккандар 195 036 адамды түздү.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө 3 845 718 бейтапты түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн