Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

АКШда коронавируска каршы төрт вакцинаны текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берилди

01.07.2020 09:39
1027
АКШда коронавируска каршы төрт вакцинаны текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берилди


АКШнын азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдө башкармалыгы (FDA) COVID-19га каршы төрт вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар мекеменин жетекчиси Стивен Ханга көрсөтмө берип жазып чыкты.


“Төрт вакцинага клиникалык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилди. Дагы алты дары-дармек учурда байкоодо турат”, - деген Стивен Хан маалымат жыйында.

 

Белгилей кетсек, АКШнын администрациясы майда саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте 2021-жылдын январына COVID-19га каршы 300 миллон вакцинаны иштеп чыгуу үчүн Warp Speed операциясын баштаган.

 

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда  коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 2,6 миллиондон ашып, алардын 126 миңден ашыгы каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн