Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

АКШда коронавируска каршы вакцинаны адамдарга колдонуп көрүштү

19.05.2020 11:32
883
АКШда коронавируска каршы вакцинаны адамдарга колдонуп көрүштү


Американын биотехнологиялык Moderna компаниясы коронавируска каршы вакцинаны клиникалык абалда текшерип көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, вакцинаны тестирлөөнү апрель айында ыктыярчыларга колдонуп көрүшкөн.


Moderna билдирүүсүнө карганда mRNA-1273 вакцинасын кабылдагандар препараттын көлөмүнө жараша алардын канынын көрсөткүчүнөн ашып кеткен же болбосо ошол эле деңгелде кармалган.


Башкы мөөнөттө препарат өзүн коопсуз көрсөткөн, ал анча оор эмес өткөн. Компания клиникалык сыноо мөөнөтүн июль айында жыйынтыктоону көздөп жатканын билдирген.


Reuters агенттигинин билдирүүсүндө бул билдирүүнү жарыялагандан кийин компаниянын акциясы 25 пайызга көбөйгөн.


Жонс Хопкинс Университетинин маалыматына таянсак АКШда коронавирус илдеттин жуктургандардын саны 1,5 миллион адамдан ашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн