Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

АКШда президенттик шайлоого "ат салышуу" башталдыбы?

25.06.2020 15:44
1072
АКШда президенттик шайлоого "ат салышуу" башталдыбы?


АКШнын Демократиялык партиясы ушул жылдын 17-20-августунда Висконсин штатынын Милоуки шаарында дээрлик виртуалдык курултай өткөрүп, башкы талапкери Джо Байденге бата берилет, башкача айтканда президенттикке талапкерди жана анын өнөктөшүн (вице-президенттике) бекитишет деп маалымдады The Guardian гезити.


Президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан талапкер болуу процедурасына АКШнын мурдагы вице-президенти Джо Байден жеке өзү катышат.


Демократиялык улуттук комитеттин билдирүүсүндө Байдендин жана анын аты азырынча белгисиз өнөктөшүнүн талапкерлиги үчүн добуш берүү виртуалдык режимде өткөрүлөт деп айтылат.


Демократтар мындай кадамга коронавируска байланыштуу барууга аргасыз болушууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн