Америка Кошмо Штаттарында шайлоо мөөнөтү аяктап, шайлоо тилкелери жабылып, добуштарды саноо процесси башталды. Акыркы маалыматтар боюнча Флорида аймагында шайлоочулардын 54%ы добуш берүүгө катышкан. Ал эми Аляскада добуш берүү уланууда. Алдын ала добуштарды эсептөө боюнча демократтар партиясынан талапкер Джо Байден алдыда келүүдө.
Белгилей кетсек, 3-ноябрда АКШнын президентин шайлоо күнү деп белгиленген. Ошондой эле АКШ калкы вице-президент, 35 сенатор, палатанын 435 мүчөсүн жана 13 штаттын губернаторлорун тандоо үчүн добуш беришет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн