Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

АКШда үчүнчү партия түзүлдү

28.07.2022 11:53
600
АКШда үчүнчү партия түзүлдү


 АКШнын Республикачылар жана Демократтар партияларынын мурдагы мүчөлөрү өлкөдө үчүнчү партия түзүлгөндүгүн жарыялашты. Ал Америкадагы азыркы "эки партиялуу системага" нааразы болгон шайлоочуларды өзүнүн катарына тартууга тийиш экенин Reuters жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, жаңы партия үч саясий күчтү өзүнө камтымакчы. Алар: Renew America Movement ("Американы жаңылоо кыймылы"), демократтардын атынан президенттикке талапкер болгон Эндрю Янг түптөгөн Forward Party ("Алга") жана Serve America Movement ("Америкага кызмат кыл").

"Алга" деп аталган жаңы партияга адегенде буга чейин Демократтар партиясынан президенттикке талапкер болгон Эндрю Янг жана Республикачылар партиясынын Нью-Жерси штатынын мурдагы губернатору Кристин Уитман тең төрагалык кылышат.

Ушул күздө партиянын лидерлери АКШнын 20 шаарында бир катар иш-чараларды өткөрмөкчү.

АКШда "эки партиялык система" демократтардын жана республикачылардын өкүлдөрүнөн турат. Алар 1852-жылдан бери президенттик шайлоодо жеңишке жетип, 1856-жылдан бери Конгрессти көзөмөлдөп келе жатышат. Кошмо Штаттарда аймактык партияларды эсепке албаганда федералдык маанидеги 38 партия бар. Бирок алардын мамлекеттик саясатка эч кандай таасири жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн