Бирдин айы 10, 2025
Убакыт: 00:06
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

АКШда жүргүнчү ташыган учак аскердик тик учак менен кагышты

30.01.2025 12:39
396
АКШда жүргүнчү ташыган учак аскердик тик учак менен кагышты


Вашингтон аэропортунун жанында эл ташыган учак аскердик тик учак менен кагышып, Потомак дарыясына кулап түштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.


Самолет Вашингтонго Канзастын Вичита шаарынан учуп келе жаткан.


"PSA Airlines Bombardier CRJ 700 борту "Рейган" аэропортунун конуу тилкесине жакындап калганда Sikorsky H-60 тик учагы менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.


Кулаган учактын ичинде 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Төрт адам суудан чыгарылган, аларга жардам көрсөтүлүүдө.


Буга чейин америкалык сенатор Тед Круз авиакырсыктан адамдардын каза болгонун айтан. Fox News берген маалымат боюнча, 60 киши көз жумган болушу мүмкүн.


Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн