Вашингтондо АКШ Конгрессинин алдындагы нааразычылык акциялары учурунда жалпы төрт адамдын каза болгону тастыкталды. Бул тууралуу Роберт Континин билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Ал Конгресстин имаратында курал огунан бир аялдын каза болгонун тастыктады жана ок полициясынын мүчөсү тарабынан атылгандыгын айтты.
Конти ошондой эле дагы үч өлүм жөнүндө билдирди. "Мындан тышкары, бүгүн Капитолий имаратынын айланасында дагы үч адам каза болду деген кабарлар келип түшкөн: бир бойго жеткен аял жана эки эркек киши алардын өлүмүнө эмне себеп болгону аныкталууда", - деди ал.
Полициянын башчысынын айтымында, демонстрация учурунда полициянын кеминде 14 кызматкери жаракат алган. Алардын экөө ооруканага жаткырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн