АКШга Жо Байден президент болгон күндө деле Кыргызстанга, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттерине болгон мамилесинде олуттуу өзгөрүү болбойт. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов “Кактус Медиа” сайтына билдирген. Анын айтымында, биздин мамлекет АКШ маанилүү деген өлкөлөрдүн катарына кирбейт.
“Ошентсе да 2021-жылдын январь айындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы АКШ үчүн маанилүү болот. Негизи эле Кыргызстан АКШ менен болгон мамилесинде тышкы күчтөргө да көз каранды”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн