Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

АКШга виза ачып берем деп ири өлчөмдө акча алып изин жашырган жаран изделүүдө

08.02.2022 15:42
835
АКШга виза ачып берем деп ири өлчөмдө акча алып изин жашырган жаран изделүүдө


Ири алдамчылыкка шектелип 1978-жылы туулган Дамира Абдиева аттуу жаран өткөн жылдын сентябрь айынан баштап милиция тарабынан изделүүдө. 

   

Ал буга чейин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып камакка алынган. Дамира Абдиеванын үстүнөн шылуундук жана көз боёмочулук беренелери боюнча иш козголуп КРнын Кылмыш кодексинин бирдиктүү реестрине катталган.


     Абдиева өзүнүн туристтик фирмасы аркылуу АКШга виза ачып берем деп Жанузаков. Ш. аттуу жарандан 18000 доллар акчасын алып, жашырынып жүргөн жеринен, 2021-жылдын 2-сентябрь түнү күч органдары тарабынан кармалган.

   

 Ал эми Биринчи райондук соту 04.09.2021- жылы Абдиеваны үй камагына чыгарган.Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Абдиева үйүндө жок. Ал айткан даректе каттоодо да турбагандыгын, ал эле эмес жашабагандыгын жергиликтүү башкармалыктан билдиришкен.

     

 Мындан тышкары Абдиеванын үстүнөн Түгөйбеков Т. аттуу жарандан дагы арызданууда түшкөн.

     

   Анын айтымында ал 2021-жылдын август айында Toyota Land Cruzer 200 үлгүсүндөгү автоунаасын дал ушул Абдиева Дамирага саткан. Унаанын баасы 31 000 АКШ долларын түзгөн.

 

   Бирок ал сумманын 10 000 доллары гана алдын ала берилген. Калган сумманы бир айдын тегерегинде берем деп Абдиева унаа ээсин ишендирген. Бирок жыл айланса дагы эч кандай тыянак чыккан жок.

   

   Үй камагына чыгаргандан кийин дарек ээсин тактап, жана кылмышкерди кайтарып, ал тууралуу текшерүү жүргүзгөн органдар эмне кылып жүрүшөт деп даттануучулар нааразы болушууда.

     

  Учурда тиешелүү органдардан түңүлгөн арыздануучу тарап жалпы коомчулуктан жана Жалпы Маалымат Каражаттарынан жардам иретинде, Абдиева Дамираны көргөн билгендер болсо 0703 490 025 номери аркылуу байланышып коюуңуздарды өтүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн