Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

АКШнын 10дой штатынан Кыргызстанга гумжардамдар келе турган болду

21.07.2020 12:13
1006
АКШнын 10дой штатынан Кыргызстанга гумжардамдар келе турган болду


COVID-19 пандемиясынын шартында медициналык кызматкерлерин жеке коргоо каражаттары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги АКШдагы мекендештерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.


Ошондой эле Элчилик АКШдагы жана Канададагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнө эл аралык каттамдардын убактылуу жабылышына байланыштуу убактылуу турак жай издөө, дары-дармектер жана азык-түлүк менен АКШда жана Канадада убактылуу (студенттер жана туристтер) жашаган мекендештерге камсыз кылуу үчүн көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


2020-жылдын 10-июлуна карата Нью-Йорк штатында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы, мурунку “Ганси” аскер базасындагы реанимация бөлүмүнө, №6 Үй-бүлөлүк медицина борбору үчүн 7-8 миң АКШ доллар өлчөмүндө керектүү дары-дармектерди сатып алууну чечишти.

Филадельфия шаарында жашаган мекендештер Кыргызстандын медициналык мекемелерине өткөрүп берүү үчүн 24 кычкылтек концентраторлорун жана керектүү дары-дармектерди сатып алууну пландаштырууда.


Питтсбургда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү райондук ооруканаларга 8 кычкылтек концентраторун сатып алууну чечишти.


Огайо штатында жашаган кыргызстандыктардын аракеттери менен 20 кычкылтек концентратору жана дары-дармектер сатылып алынып, алар Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча тиешелүү медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилет.


Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана мүчөлөрү “Элим барсыңбы” фондусуна 20дан ашык кычкылтек концентраторун сатып алуу үчүн каражат жиберишет.


Флорида штатында жашаган мекендештер Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын муктаждыктары үчүн жалпы суммасы 9 миң АКШ долларына которушту. Ошондой эле алар Ысык-Көл облусундагы райондук ооруканалардын биринин 5 дарыгеринин маяналарын төлөп берүүнү пландаштырууда.


Хьюстон шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкектеги байкоо борборлорунун бирине 2 кычкылтек концентраторун сатып алышкан.


Калифорния штатында жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү “Аялдар лигасы” уюмуна 10 даанага жакын кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каражат жиберүүнү чечишти.


Кыргызстандын аймактарына жардам көрсөтүү алкагында Балыкчы шаарынын тургундары Балыкчы шаардык ооруканасы үчүн 12 кычкылтек концентраторлорун сатып алышты. Ошондой эле Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын райондоруна жардам көрсөтүү үчүн акча чогултулуп жатат.


Жогоруда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Кыргыз медициналык мекемелеринен алган соң, диаспоранын өкүлдөрү кошумча маалымат беришет.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн