Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Чикагодо белгисиз адам ок чыгарып, 6 киши каза болгон

05.07.2022 10:26
411
АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Чикагодо белгисиз адам ок чыгарып, 6 киши каза болгон


АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Чикаго (АКШ, Иллинойс штаты) шаарынын четиндеги Хайленд-Парк аймагында жөө жүрүш маалында белгисиз адам ок чыгарып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.


Маалыматка ылайык, андан кеминде 6 адам каза болуп, 20дан ашууну ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген. Дагы жүздөгөн адам окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул аймакта жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштарда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.


Полиция кызматы ок чыгарган адамдын аты-жөнүн аныктаган, ал 22 жаштагы Роберт Кримо экендиги белгилүү болду, учурда аны издөө иштери жүрүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары кылмышкер жөө жүрүш өтүп жаткан жердеги үйлөрдүн биринин чатырынан ок чыгарганын жазышууда.


Ошондой эле ушул эле күнү АКШнын Филадельфия шаарында (Пенсильвания штаты) Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган фейерверк маалында белгисиз адам ок чыгарган. Анын кесепетинен 2 полиция кызматкери жарадар болгону айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн