Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

АКШнын аскердик делегациясы Баткенге эмне үчүн келген?

21.10.2022 12:58
385
АКШнын аскердик делегациясы Баткенге эмне үчүн келген?



Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов АКШнын борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер баштаган топ Кыргызстанга 16-18-октябрда иш сапары менен келгенин билдирди. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшү, ӨКМдин ишмердүүлүгү, адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайлары менен таанышкан. 


«Унгердин иш сапары биринчи кезекте Баткен облусунда жайгашкан КРнын куткаруу кызматтары үчүн чет мамлекеттерден техникалык жардам алуу контекстинде кызыгуу жаратуу жаткандыгын белгилейбиз. Ошондой эле, АКШнын борбордук командачылыгы ӨКМ менен 30 жылдан бери, анын ичинде жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу багытында кызматташып келе жаткандыгын билдирет. Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын февралынан тартып ӨКМ Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу жаатында куткаруучулардын ишин жакшыртуу боюнча кызматташып келүүдө. Бул кызматташтык аскердик мүнөзгө ээ эмес», — деди Абытов.


Эске салсак, кечээ депутат Адахан Мадумаров АКШнын аскердик делегациясы Баткенге кандай максатта келгенин сурап, президенттин өкүлүнөн кечке чейин расмий жооп берүүсүн талап кылган.


Булак: ПолитКлиника 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн