Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:54
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

АКШнын бир нече штатында коронавирус тездик менен тарай баштады

10.06.2020 14:48
1067
АКШнын бир нече штатында коронавирус тездик менен тарай баштады


АКШнын 14 штатында коронавирустун жайылуу темпи чукулунан өсүп кетти деп маалымдады Washington Post гезити. Жогорку көрсөткүчтөр Техаста, Аляскада, Аризонада, Нью-Мексикодо, Арканзаста, Орегондо, Калифорнияда, Түндүк Каролинада, Түштүк Каролинада, Флоридада, Кентуккиде, Миссисипиде, Теннесси жана Ютада, ошондой эле Пуэрто-Рикодо катталууда.


Акыркы маалыматтар боюнча коронавируска кабылгандардын жалпы саны АКШда 1,9 миллионго жетип алардын дээрлик 112 миңи каза тапты.


Коронавирус жуккандар боюнча дүйнөдө АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда турган Россияда алардын саны 493 657ге жетти. Соңку сутка ичинде эле 8 404 жаны учур аныкталды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн