Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

АКШнын чечимин колдоду. Зеленский Путинди кайрадан сүйлөшүүгө чакырды

09.03.2022 09:30
1497
АКШнын чечимин колдоду. Зеленский Путинди кайрадан сүйлөшүүгө чакырды

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден Россиянын мунай жана газын импорттодон баш тартканы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.


Зеленскийдин айтымында, Европа өлкөлөрү да АКШ сыяктуу чечим кабыл алууга тийиш.


"Согуш тез арада токтошу керек. Буга чейин төгүлгөн кан үчүн эмес, тирүү адамдардын каны төгүлбөшү үчүн согушту токтотуу зарыл.

Владимир Путинди дагы бир жолу түзмө-түз сүйлөшүүгө чакырам",- деди Зеленский.


Мындан сырткары, Зеленский АКШнын президентине ыраазычылык билдирип, Россияга төлөнгөн ар бир тыйын кайра ок болуп кайтарын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн