Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка каршы импичментти колдоду

14.01.2021 06:59
530
АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка каршы импичментти колдоду

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


13-январдагы талкуу палатада көпчүлүктү түзгөн демократтардын демилгеси менен өткөн. Чечимди бир нече республикалык партиянын өкүлдөрү да колдоп беришти. Бул резолюция долбоорун колдоо үчүн зарыл болгон 218 добуштан көбүрөөк - 232 добуш берилди, 197 ага каршы берилди.


Эми бул чечимдин негизинде АКШ Жогорку палатасы деп эсептелген Сенат палатасы президент Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Айыптоону Сенаттын кеминде 67 мүчөсү колдошу керек, азырынча бир да чечим андай босогодон өтө элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн