АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат боюнча жардамчысы Элизабет Трюдо Кыргызстанга жумушчу сапары менен келет. Бул тууралуу "Борбордук Азия" басылмасы кабарлады.
Мамлекеттик катчынын жардамчысы Элизабет Трюдо алгач Өзбекстанга, андан соң Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргызстанга иш сапары менен келери күтүлүүдө.
Иш сапарынын жүрүшүндө кандай маселелер көтөрүлөрүнө такталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн