Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШнын улуттук гвардиясынын аскерлери нааразычылык акциясында коронавирус жуктуруп алды

10.06.2020 11:13
903
АКШнын улуттук гвардиясынын аскерлери нааразычылык акциясында коронавирус жуктуруп алды


АКШнын улуттук гвардиясынын бир нече кызматкери Вашингтондо өткөн нааразычылык акциясында коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмү үчүн нааразычылык акциясына чыккандарды токтоту үчүн Улуттук гвардиядан 5 миң аскер тартылган. Алардын 1,2 миңден ашыгы Вашингтондон, калганы башка штаттардан чакыртырылган.


Улуттук гвардиянын маалымат катычысы лейтенант Брук Дэвисдин айтымында, илдетти жуктуруп алган аскер кызматкерлеринин так саны айтылбайт. Бирок дартка чалдыккандар аз санда. Кызматкерлердин кооптуулугу үчүн жоопкерчиликти бөлүмдөрдүн жетекчилери алат.


Ал эми лейтенант баардык кызматкерлер аймактарына кайтардан мурда COVID-19га тест тапшырарын, эки жумалык карантинде айлык-акылары төлөнүп берилерин кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн