Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

А.Кулматов: Ким биринчи кол сунса, ошол утат

25.06.2021 18:25
8016
А.Кулматов: Ким биринчи кол сунса, ошол утат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-29-июнда Түркмөнстанга жана Тажикстанга иш-сапары менен баратат. Бул анын аталган өлкөлөргө  президенттин ролундагы биринчи сапары, ошондой эле Тажикстанга чек ара жаңжалынан кийинки биринчи орчундуу дипломатиялык кадамы. Эмесе, андан Кыргызстан эмнени күтөт?  Бул суроо менен Би-Би-Си мурда Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинин орун басары болуп иштеген, саясат жана дипломатия боюнча эксперт Алмаз Кулматовго  кайрылды: 


А. Кулматов: Албетте, Кыргызстан бул сапардан көп нерсени күтөт, эки мамлекет куралдуу жаңжалдашып, курал атышып алган соң, биздин президенттин ошол жаңжалдашкан, бирок түбөлүк кошуна мамлекетке расмий сапары, албетте, абдан чоң үмүттөрдү жаратат. Сүйлөшүш керек, сүйлөшпөй койгондо эки өлкө тең маселе чечпейт, ортодогу ажырым, талаштуу жагдайлар көбөйө баштайт. Бизге арачы түшөм деп биздин ишке кийлигишкен күчтөр дагы, мамлекеттер дагы күчөйт. Демек, Тажикстанда иштеген дипломат катары, абдан туура чечим, абдан жакшы кадам  деп эсептейм. Айрымдар түшүнбөй, "ал бизге келбейби, биз эмнеге аларга барабыз" деши мүмкүн. Жок. Ким биринчи кол сунса, ким биринчи салам айтса - ошол утат.

Би-Би-Си: Анда эмесе Кыргыз президенти биринчи болуп кол сунууда. Президент Жапаров бул иш-сапарда кандай жыйынтыкка жетүүнү көздөп жатат?

А. Кулматов: Президенттер такташып алышы керек, экөө визуалдык контактта болуп, кол алышып дегендей, бири- бирин байкап, сүйлөшүп алышы керек. Жабык эшик артындагы туюк жолугушууда ачык сүйлөшүп, ким баштады, эмне болдук, эмне кылалы, деп көп нерсенин башын ачып алыш керек.

Экинчиден, жанагы талашып жаткан чек арадан башка эмнебиз чогуу? Биз муну дурустап талдай элекпиз. Мен Тажикстанда иштеп келгениме 20 жылдан ашты. 60 пайызы чечиле элек 984 километр талаш чек арабыз бар, андан башка эмнебиз окшош? Тилибизби? - Жок, алардыкы фарси тили. Тарыхыбызбы? Жок, Советтер Союзунан беркиси эле окшош. Бизди эмне бириктирет, эмне ажыратат? Эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позициябыз окшошпу?

Соода-экономикалык байланышты алсак. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Россия алдыда, Пакистан, Өзбекстан, Швеция! Ал эми 99-жылы биз 12 пайыз болчубуз. Мамилебиз да башкача болчу. Ошонун баарысын тактап, кайсы багыттарда бирдиктүү позицияда экенибизди, кай жерде үзөңгүлөш боло алабыз дегенди  тактап алышыбыз керек.       


Би-Би-Си: Бул иш сапардын кандай кооптуу жактары бар? Кантсе да эки өлкө ортосунда куралдуу кагылышуу болуп кетпедиби? Визитке көлөкө тушүргөн жагдайлар болушу мүмкүнбү?

А.Кулматов: Дипломатия кылдын учундагы, бычактын мизиндеги иш. Ар кандай күчтөр бар. Мына, айтып оозду жыя электе, силердин сайтка жаздым эле, "Исламчылар эскертти, эми кийлигишеби?" дедик элек. Мына талибдер Афганистандын аймагынын 40  пайызын бир жуманын ичинде ээлеп алды. Афганистан менен коңшу Тажикстандын өзүнүн исламчыл күчтөрү бар, алар 90-жылдардан кийин жок болуп кеткен жок. Алар тынч жатабы?

Айтор, эки мамлекет башчынын жолугушуусунда ар бир айтылган сөз ички жана тышкы коомчулукта кандай кабыл алынат, кандай чечмеленет дегенге өзгөчө көңүл буруш керек.

Би-Би-Си: Кандай болгондо бул визитти "ийгиликтүү болду" дей алабыз?

А. Кулматов: Эгер эки мамлекет биргелешкен билдирүүдө көп маселени ачыктап алса, чек араны чечүүнүн принциптерин жакындатып алышса, конкреттүү план түзүп, биз мына келиштик, бул маселени тактап ачып алдык деп айтып алса, анан чек ара көйгөйүн, кирип-чыкмай деген маселелерди чечип алышса - ошондо ийгиликтүү болду деп эсептейбиз.

Ошо менен кайта тажик президентинин жооп кайтарган визитин макулдашып алуу керек. Эки тарап тең пайда болгон көйгөйлөрдү өзүбүз чече алабыз деп билдиришсе жакшы болот.      

Булак: Би-Би-Си


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн