Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

А.Мадумаров Ысык-Көл жана Нарындагы шайлоо участокторун кыдырды

17.08.2020 09:02
1112
А.Мадумаров Ысык-Көл жана Нарындагы шайлоо участокторун кыдырды

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдарынын кеңешмелерине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чараларга ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери катышты.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир нече шайлоо участокторун кыдырып чыгып, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешти. 

Акрам Мадумаров алдыдагы шайлоо процессине сапаттуу даярдык көрүү ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

«Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл. Даярдык көрүү мезгилинде бардык шайлоо участкалары, анын ичинде алыскы райондордо жайгашкан участоктор тийиштүү материалдык-техникалык база жана интернет менен камсыздалышы керек. Коронавирус пандемиясы шартында шайлоо участокторунда санитардык коопсуздук талаптарын камсыздоо жана анын сакталышына өзгөчө көңүл бурулушу керек», - деди вице-премьер-министр. 

Штаб кеңешмелеринин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн