Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

А.Мадумаров менен С.Жапаров неге бирикпей калган?

03.01.2021 13:50
1147
А.Мадумаров менен С.Жапаров неге бирикпей калган?


Садыр Жапаров  Адахан Мадумаров менен  биригүү болбой калганы тууралуу мындай дептир: 


«Биригүү жөнүндө мен түрмөдө жатканда сүйлөшүүлөр болгон. Партияларды бириктирип, шайлоого бир баралы деген сунушубузду айтканбыз. Жамандагандык эмес. Бирок Адахан Кимсанбаевичтин текеберчилик мүнөзү жогору экен. Ошондуктан бириге албай калганбыз. Бир гана партиям, бир гана мен башкарам, мага баш ийесиңер, партияңарды жаап мага өтөсүңөр, бир гана мен айткандай болот дегендей талаптары болгон. Мындай талап биздин партиялаштарга жаккан жок. Анткени кыргыз бир кишиге чөгөлөгөн эл эмес да».


Мына ошол сүйлөшүүлөрдү демилгелеген жана катышкан адам катары айрым тактыктарды киргизип койбосом, туура эмес түшүнүк калыптанып жатат.


 2019-жылдын башынан тартып эле саясий партия, лидерлер ортосунда парламенттик шайлоого катышуу боюнча түрдүү сүйлөшүүлөр башталган. 


Биз да пикирлештер кеңешип, Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров сыяктуу саясатчылар парламенттик шайлоого бирге барса, алардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү артат, андан парламент да күчтүү болуп, мамлекет да утат деген ишеничте болгонбуз. Ошондуктан аларды бириктирүү  аракетин жасай баштаганбыз. 


Бул максатта мен жеке өзүм Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров менен бир нече жолу жолугушуп, мамлекеттеги абал, бийлик системасы, шайлоо, биригүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашканбыз.


2019-жылдын июнь айынын башында Сабыр Жапаров, Зиядин Жамалдинов “Бүтүн Кыргызстандын” кеңсесине келип, Адахан Мадумаров  төртөөбүз биригүү боюнча сүйлөшүү өткөргөнбүз. Сабыр Жапаров “Мекенчил” партиясынын “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулуп, парламенттик шайлоого баруу ниети бардыгын билдирген. Сүйлөшүүдө  “Мекенчилдер” партиясы курултай чакырып, курултайда биригүүнү жарыяланыш керектиги айтылган. Соңунда  “Мекенчил” партиясы “Бүтүн Кыргызстанга” кошулуп, анын тизмеси менен парламенттик шайлоого баруусу макулдашылган. 


Булар макулдашылгандан кийин экинчи маселе чыккан. Ал талапкерлер тизмесине байланыштуу маселе эле.  Сабыр Жапаров тизмеде паритет сакталыш керектигин, эгерде тизмени “Бүтүн Кыргызстандын” талапкери баштаса, экинчиде “Мекенчилдин” талапкери болуп, андан ары кезектешип кете берүүнү сунуштаган.


Бул маселени талкууда Адахан Мадумаров “эгерде силерде татыктуу, коррупцияга аралашпаган, таза, күчтүү талапкерлер болсо мен биринчи бештикти да берүүгө даярмын. Негизи биз бириккенден кийин “меники, сеники” дебей бир муштум болушубуз керек” деп белгиледи.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сабыр Жапаров паритет сакталыш керектигине басым жасагандыктан, анда  жок дегенде биринчи он кишинин ысмын атоо, ошого жараша андан ары жылуу ага сунушталды. Бирок Сабыр Жапаров тизмеге кимди, кандай иретте сунуштоону ал чече албасын, бул маселени Садыр Жапаров чечерин билдирди. 


Садыр Жапаров менен бул маселени сүйлөшүү Зиядин Жамалдинов (ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты) менен мага тапшырылды. 5-июнда “Сигнал” байланыш түйүнү аркылуу абактагы Садыр Жапаров менен Зиядин Жамалдиновдун катышуусунда сүйлөштүк. 


Садыр Жапаровго “Бүтүн Кыргызстан” менен “Мекенчилдин” талапкерлер тизмесинде биринчи жыйырмалыкты аныктап алуу үчүн “Мекенчилден” он талапкердин ысмын атоону сунуштадым. Ал атады. Мен жазып алдым. Ал тизме азыр да турат менде...


Садыр Жапаров атаган адамдар Адахан Мадумаровдун каршылыгын жаратпайт болуш керек, буюрса, маселе оң жагына чечилет деген ишенимде турдум. Ишенимимди Садыр Жапаровго да ачык айттым.


Садыр Жапаров сунуштаган тизме Адахан Мадумаров тарабынан жактырылса, анда “Мекенчилдер” 12-июнда курултай чакырып, ал жерде “Бүтүн Кыргызстан” менен биригүү чечими кабыл алынып, жарыялана турган болду. Биз бул маселени Садыр Жапаров менен макулдаштык.  


Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүү жана макулдашуу тууралуу Адахан Мадумаровго маалымат бердим. Күткөнүмдөй эле Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлерге каршылык айткан жок. “Бүтүн Кыргызстан” Садыр Жапаровдун бардык шарттарына макул болду.  Садыр Жапаровдун шарттары толук аткарылгандыктан 6-июнга Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандын” саясий кеңешин чакырып, биригүү тууралуу маалымат бермек болду.


6-июнда эрте менен Садыр Жапаров менен байланышып, алардын шарттары толугу менен кабыл алынганын, биригүүгө эч кандай тоскоолдук калбаганын айттым. Ал капысынан эле “Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабановду да кошуп алалы” деген жаңы шартын айтып чыкса болобу?!


 Булар жөнүндө сүйлөшүү башталганда эч кандай сөз болгон эмес эле. Мен “Бабанов эч качан оппозициялык топко кошула албасын, анын кылмыш иштери жол бербесин, бийлик басымына туруштук бере албасын” эскерттим. Адегенде Адахан Мадумаров экөө (Садыр Жапаров) биригүүнү баштай берсе, андан кийин Камчы Ташиевдин кошулуусу боюнча да сүйлөшсөк болорун айттым.


Садыр Жапаров кошумча убакыт сурап, жоголуп кетти. Кечке жуук кайра байланышып, Ташиев менен байланыша албай убакыт өткөргөнүн, аларды да кошуп алуу керектигин кайталады. Мен башында “Бүтүн Кыргызстан” менен “Мекенчилдердин” биригүүсү жөнүндө сөз болгонун, сүйлөшүү жүрүшүндө шарт өзгөрө берсе, натыйжага жетишүү кыйын болорун, адегенде экөө биригип, чоң жараянды баштай берүүсү туура болот деген пикирди айттым. Бирок Садыр Жапаров эч нерсе болбогондой эле мындай нерселер боло берерин, ага көп маани бербеш керектигин жеңил-желпи гана айтып койду...


Мен абдан ыңгайсыз абалда калдым...


 Сүйлөшүүгө өздөрү келип, шарттарын айтып, алар толук кабыл алынса, алардын айткан сөздөрүнө Адахан Мадумаров ишенип, партиянын саясий кеңешин чакырып жатса, бул жакта “булт” коюп кетип жатса...


Ошону менен эки партиянын биригүүсү боюнча сүйлөшүү токтотулду.


Айданбек Акматов, журналист

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Таа
Бирикпегени жакшы болуптур Адахандын.Мыйзам бузгандарга кошулбай туура кылды.258
Таа
Бирикпегени жакшы болуптур.Садыр менен бирге болуунун озу мыйзамсыздык