Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 22:20
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

А.Мадумаров шайлоого карата Баткендеги даярдык менен таанышты

06.09.2020 16:51
982
А.Мадумаров шайлоого карата Баткендеги даярдык менен таанышты


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр иш-сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадамжай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. 

Андан соң Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн