Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

АПЛдин 500 оюнчусу саламаттык тармагын колдоо үчүн футболкаларына кол коюп берди

03.06.2020 15:38
1005
АПЛдин 500 оюнчусу саламаттык тармагын колдоо үчүн футболкаларына кол коюп берди


Англия Премьер-лигасында ойногон 20 команданын оюнчулары Улуттук саламаттыкты сактоо уюмун колдоо максатында футболкаларына кол коюп кайрымдуулук кылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Бүгүн, 3-июнда жалпы 500 футболка Ebay платформасы аркылуу ойнотулат. Баардык каалоочулар бул ойнотуга 5 фунт (6,29 доллар) өлчөмүндөгү төлөм менен катыша алат.


Ал эми жеңүүчүлөр кокустук жолу менен тандалып, алардын ысымдары 1-июлда белгилүү болот. Ал эми иш-чарадан түшкөн каражаттын баары Англиянын саламатыкты сактоо уюмуна жумшалат.


Эске салсак, футбол боюнча Англия Премьер-лигасы 17-июндан баштап улантылат.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн