“АРДИ” майып балдардын бирикмесине, Бишкектеги карылар үйүнө жана муктаждарга 1 тонна ун тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен “АРДИ” майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине (карылар үйү) жана муктаж үй-бүлөлөргө 1 тонна ун тапшырылган.
Саамалыкка КМДБнын өкүлү Султан ажы Момунов катышып, муфтият мындан ары дагы бул мекемелер менен кызматташуусун уланта бере тургандыгын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн