Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

АСЕАНдын 36-саммити онлайн режимде өтөт

22.06.2020 16:13
926
АСЕАНдын 36-саммити онлайн режимде өтөт

 

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) 36-саммити 26-июнда онлайн-видеоконференция форматында өтөт деп маалымдады Синьхуа агенттиги.


2020-жылга АСЕАНга төрагалык кылуучу Вьетнамдын премьер-министри Нгуен Суан Фук саммитти өзү ачып, анын пленардык отурумдарына жана атайын сессияларына да жетекчилик кылат.


Саммиттин алдында ага даярдык көрүү боюнча кеңешмелер, алардын ичинде АСЕАН өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуулары 22-июндан 24-июнга чейин өтөт.


Эске салсак, бул саммит апрель айына белгиленген, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу июндун аягына жылдырылган деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн