Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бейтапка моралдык колдоо кандай керек болсо, Өкмөткө да ошондой колдоо керек болуп турат, - Шыкмаматов

31.03.2020 14:53
1605
Бейтапка моралдык колдоо кандай керек болсо, Өкмөткө да ошондой колдоо керек болуп турат, - Шыкмаматов


Ооруп жаткандарга моралдык колдоо кандай керек болсо, өкмөткө да ошондой колдоо керек болуп турат, деп билдирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 31-мартта “Медиа-центр” мультимедиалык маалымат агенттигине өкмөттүн жаңы кабыл алган антикризистик планы боюнча комментарий берип жатып.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн кризистен чыгуу программасын сындап, кынтык издеген эксперттер, экономисттер бар. Мүчүлүштүк издегенден мурун коом бир муштумга түйүлүп, консолидация болуп, өкмөттү жайына коюу керек.

Анткени бул жагы туура эмес, тиги жагы туура дей бергенден пайда жок. Өкмөт азыр күнү-түнү жаман илдеттин жайылышын токтотуп калуу аракети менен алапайын таппай жатат. Ошондуктан саясатчылар сындаган алыс болушубуз керек”, - деди Шыкмаматов.

Ал белгилегендей, дүйнөлүк тенденцияда ар бир мамлекет өзүнүн экономикасына, дараметине жараша аракеттерин жасап жатат.

Албетте, коомчулук өкмөттүн ишин сындап турушу керек, бул алтын эреже. Бирок ушундай кырдаалда, башыбызга мүшкүл иш түшүп турганда акыл үйрөтүп, сындоонун өзү туура эмес. Ошондуктан, ооруп жаткандарга моралдык колдоо көрсөткөндөй эле, өкмөттү да колдоп, жардам беришибиз абзел. Алардын айткандарын аткарып, баш ийүүгө чакырам”, - дейт экс-депутат. 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Баялиева Чынара
Туура айтылган соз.Оор кундордо барыбызга биримдиктуу болушубуз керек.
Айжан
Туура кошулабыз сизге
Мариза
Мен бул саясатчынын айтканына толук кошулам. Азыр өкмөткө чон жардам көрсөтүп, колдоо менен үйдөн чыкпай отуруп берүүбүз акылдуулук болот. Ошондо билинет кимдин канчалык акылдуу экени. Жаратканым өзү колдосун элимди.