Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанга 20 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, 20 млн доллардын 10 млн. доллары гранттык түрдө, калганы 0,1% менен 40 жылга насыяга алынат.
Жыйында депутаттар өкмөт тарабынан демилгеленген "Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты.
Талкууда депутат Акылбек Жапаров сырттан келген каражаттарды натыйжалуу пайдаланууда ар кандай шектенүүлөр болуп жатканын айтты.
"Эмнеге 20 млн долларга 20 оорукана куруп койсо болбойт? Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн мындай сунуш киргизбейт?" - деп сурады депутат.
Өз кезегинде Мадемин Каратаев алынган акчалар товардык-транспорттук каражаттарга, лабораториялык материалдарга, унааларга, жана башка керектүү жабдууларга жумшаларын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн