Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

А.Жапаровдун комиссиясы бирөөлөрдү ашыкча каралап, бирөөлөрдү калкалап жатат

17.05.2021 15:20
1439
А.Жапаровдун комиссиясы бирөөлөрдү ашыкча каралап, бирөөлөрдү калкалап жатат


Кумтөр маселеси кульминациясына жетип бара жатат окшойт.  Аракеттерди колдойм. Бирок  Акылбек Жапаров башында турган комиссия  бир жактуу болуп,  кимдир бирөөлөрдү ашыкча каралап, кимдир бирөөлөрдү калкалап жатканы айдан ачык эле болуп калды.  Бул маселелердин терең, калыс, адилет каралышы жана укуктук жактан чечилиши учурдун зарыл шарты.  Бул маселеде 3 орчундуу маселе турат, калгандары ошолордун эле туундусу. 


1.  2003-2004-жылдардагы Кумтөр кенин реструктуризациялоодогу  Кыргыз Республикасына А.Акаев жана анын командасы тарабынан жасалган кыянаттыкты иликтөө, бул маселе боюнча кылмыш ишин ачуу,  күнөөлүлөрдү жоопко тартуу. Ошол кыянаттык иштин натыйжасында Кумтөрдөгү биздин үлүш 67 пайыздан 33 пайызга түшүп,  кенбайлыкты башкаруу укугунан ажыраганбыз. Болбосо 1997-жылдан тарта Камеко кетип, Кыргызстан Кумтөргө толук ээлик кылып калмак, мурдагы Генералдык келишим ошондой эле.


2. 2008-2009-жылдардагы  Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү мурдагы кыянаттыкты андан ары бекемдөө, К.Бакиев жана анын командасы тарабынан жаңы келишимдерге кол коюп берүү, аларды Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамсыз ратификациялоо жана укуктук негиз жок болсо дагы Конституциялык сотто бекитип берүү иштери боюнча дагы кылмыш ишин ачуу,  кыянаттыкты уланткандарды жоопко тартуу.


3. 2017-жылдагы Центерра менен жаңы стратегиялык келишимдерге А.Атамбаевдин командасы тарабынан кол коюу менен мурдагы кыянаттыкты андан ары тереңдетүү,  мөңгүлөрдү эркин жок кылууга жол ачкан мыйзамды кабыл алуу боюнча дагы кылмыш иши ачылышы зарыл. Ошондой эле мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзам жокко чыгарылып, анын демилгечи депутаттары, ошол мыйзамды кабыл алып жана ишкер киришкен мамлекеттик чиновниктер дагы сот жообуна тартылганы туура. 


Мына ушул 3 маселе Кумтөр боюнча иш адилеттик жагына бара жатабы же кезектеги эле саясий шоуга айланып кетеби дегенди аныктай турганын айтпаса деле ар ким түшүнүп турат го дейм.


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн