«Аалам сулуусу - 2021» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Америкадагы Флорида штатындагы 69-сынактын жыйынтыгында таажыны 26 жаштагы Андреа Меса тагынды. Ал Мексиканын өкүлү.
Буга чейин мексикалык 2 айым «Дүйнө сулуусу» аталган. Алардын бири Лупита Жонс (1991-жылы) жана Земина Наваретти (2010-жыл).
Бул жылы сынактын финалына 21 талапкер чыккан. Финалга болсо Мексика, Индия, Бразилия жана Доминика Республикасы менен Перунун сулуулары жолдомо алды. Алардын ичинен 2-орунга Бразилиянын сулуусу, 2-орунга Индиянын кызы чыкты.
Андреа Меса 2017-жылы «Дүйнө сулуусу» сынагында алдыңкы үчтүккө кирген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн