Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Аалы Карашев: Кызматтан көтөрүлүшүмө кайын журтумдун тиешеси жок

22.07.2021 22:07
1472
Аалы Карашев: Кызматтан көтөрүлүшүмө кайын журтумдун тиешеси жок

Менин кызматтан көтөрүлүшүмө Чолпон Баекованын тиешеси жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев "Азаттык" үналгысына берген маегинде билдирген.


Анын айтымында, депутат кызматтан көтөрүлүшүнө кайын журтунун катыштыгы жок.


"Мен өмүрлүк жарым менен 1990-жылы баш кошконбуз. Ооба, Чолпон Турсуновна менин кайын энемдин эжеси болот. Мен үйлөнгөндө Советтер Союзунун убагы, Чолпон Баекова Конституциялык соттун төрайымы эмес, Жогорку Кеңештин депутаты да эмес болчу. Юстиция министрлигинде иштечү. Үйлөнгөнгө чейин Чолпон Баекованы тааныган, көргөн да эмесмин. Ата-энем куда түшүп келгенде, ошондо биринчи жолу таанышканбыз. Коомчулук алдында ачык, тике карап айта алам, кызматтан көтөрүлүшүмө Чолпон Турсунованын эч бир салымы, жардамы, таасири болгон эмес. Биздин үй-бүлөдө “кайын журт, кайын эжелер менен сый мамиледе болушубуз керек” деген принцип бар, ошону өмүр бою сактап келе жатабыз",- деди эл өкүлү.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сир
Калп айттыныз