Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 05:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи аркылуу турак жай алуу тууралуу фатва чыгарды

24.02.2022 12:48
428
Аалымдар кеңеши  турак жай кооперативи аркылуу турак жай алуу тууралуу фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа алуунун өкүмү жөнүндө фатва чыгарды


Аалымдар кеңешинин фатвасы толугу менен берилет:


"Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын 3-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа алуунун өкүмү жөнүндө төмөндөгүдөй фатва чыгарат:


№ 01 фатва


Коммерциялык эмес турак жай кооперативи – мүчөлөрүнүн турак жайдагы муктаждыктарын канааттардыруу максатында жарандардын ыктыярдуу бирикмеси.


Мындай кооперативдер аркылуу турак жай же унаа сатып алууда:


- келишимде сүткорлук же сүткорлуктун элементтеринин жок болуусу шарт;


- сатып алынган товар башында (айрым учурда же аягында) пайщиктин мүлкүнө өтүүсү шарт;


- келечекте пайщиктер менен кооперативдин ортосунда талаш-тартыш жаратууга алып баруучу себептердин жок болуусу шарт;


- гарардын жок болуусу (б.а. келишимдин мөөнөтү, заттын түрү жана сапаты, баасы так болуусу) шарт;


- пайщик төлөмдү кечиктирген учурда, төлөнүүчү жазапул кооперативдин мүлкүнө берилбөөсү шарт;


- кооперативдин аманатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар экендигине мамлекет тараптан же мамлекеттин расмий көзөмөлүндөгү мекемеден кепилдик же тастыктоо болуу шарт.


Жогоруда аталган шарттардын бири же бир нечеси табылбаган учурда, коммерциалык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа сатып алуу — шариятка туура келбейт, тыйылат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн