Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 05:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Аалымдар кеңеши Максат ажынын арызын канааттандырып, курултайдын датасын бекитти

11.02.2021 18:32
1617
Аалымдар кеңеши Максат ажынын арызын канааттандырып, курултайдын датасын бекитти


Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда кезексиз жыйын өткөрүп, муфтий Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кеңештин төрагасы Абибилла Кадырбердиев билдирди.


Кадырбердиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин муфтияттагы каржылык боюнча мыйзам бузуулар тууралуу айыптоосуна байланыштуу маселе каралбаганын билдирди.


Ал жөнүндө Аалымдар кеңешинин эч кандай маалыматы жок. Себеби ал иштер банкта болгон. Банкка кирүү укугу муфтий менен муфтияттын башкы эсепчисинде гана болгон. Башка эч кимде кабар жок. Борбордук текшерүү комиссиясы өзүнүн актын берди. Ал муфтияттын банктан сырткаркы каржы иштери боюнча отчету”, - деди.


Бүгүнкү жыйында Аалымдар кеңешинин кезектеги курултайын 5-апрелде өткөрүү тууралуу чечими кабыл алынды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Суйунбай кызы Айжаркын
Куруулай доомат кылышып атышат! Боштондук! Муфтийди бошоткула!