Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аалымдар кеңешине Чубак Жалиловдун ордуна Садибаккас Доолов келди (сүрөт)

22.06.2020 16:33
1260
Аалымдар кеңешине Чубак Жалиловдун ордуна Садибаккас Доолов келди (сүрөт)


Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, айрым мүчөлөр ага аралыктан катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө бир нече маанилүү маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды. Дүйнөдөгү пандемиялык кырдаалдан улам Дин башкармалыктагы айрым сатып алууларга, иш сапарларга жана чыгашаларга убактылуу чектөө киргизилди. Ошону менен катар ысырапчылыктын алдын алуу жаатында дин кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди.


Экинчи маселе катары, Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу ниетин билдирген Жалилов Чубак ажынын арызы канааттандырылып, анын ордуна белгилүү аалымдардын бири, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Аппарат башчысы Доолов Садибаккас ажы Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.




Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Ал дагы тактытуу алым