11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде кандай маселе каралары белгилүү эмес.
Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов буга чейин журналисттерге жыйында ажылыктын акчасы боюнча маалымат берилерин айткан.
Кечээ муфтий Максат ажы Токтомушев арыз жазып кызматтан кеткен. Кечинде аны УКМК кармап кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн